Ссылки доступа

Тажик бийлиги Тоолуу Бадахшандагы бейөкмөт уюмдардан "ыктыярдуу түрдө" жабылууну талап кылууда


Тоолуу Бадахшан автоном облусунун борбору Хорог шаары
Тоолуу Бадахшан автоном облусунун борбору Хорог шаары

Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы жарандык активисттер жергиликтүү бийлик алардан коомдук уюмдарын өз ыктыярлары менен жоюуну талап кылып жатканын билдирүүдө.

Алардын айтымында, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү аймактагы бери дегенде эле беш коомдук уюмга кайрылып, өздөрүн банкрот деп жарыялап, жабылууну талап кылды.

"Былтыркы атайын операциядан кийин аймакта кичи жана орто бизнес менен алектенгендер кескин азайды. Облуста жумуш орундары дээрлик жок. Ушундай кырдаалда бийлик коомдук уюмдарга киришти. Аларда жергиликтүү тургундар иштейт жана аймактагы эл алар аркылуу жардам алып келишет. Бул сыяктуу уюмдар бийликке кереги жок окшойт, ишибизди токтотууну талап кылып жатышат", – деди бейөкмөт уюмдардын биринин аты-жөнүн айткысы келбеген өкүлү.

Аймактагы жарандык активисттердин айтымында, бийликтин мындай басымы акыркы эки айда күчөдү.

Өз кезегинде автоном облустун төрагасынын басма сөз катчысы Голиб Ниятбекзода бейөкмөт уюм өкүлдөрүнүн айткандары чындыкка дал келбей турганын билдирди. Анын айтымында, аймактагы уюшкан кылмыштуу топтор менен өз ара байланышта болгон гана уюмдар жабылды. "Мындан тышкары алардын уставдары менен каттоо тууралуу документтеринде көптөгөн мыйзам бузуулар аныкталды. Калган бейөкмөт уюмдар мурдагыдай эле ишин улантып жатышат. Аларга эч кандай басым көрсөтүлгөн жок", – деди Ниятбекзода.

Тоолуу Бадахшан автоном облусунда канча бейөкмөт уюм бар экени тууралуу расмий маалыматтар жок. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, аймактагы өкмөттүк эмес уюмдардын көбү ишмердүүлүгүн токтотконун же "жоюлуу алдында турганын" билдирүүдө.

Өткөн жылы Бадахшандагы "Памир юристтеринин бирлиги" уюмунун башчысы Манучехр Холкназаров "Кылмыштуу топ түзүү" жана "Экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүн уюштуруу" беренелери менен 16 жылга соттолгондон кийин анын уюму жабылган.

Ушул эле жылы "Номус ва шараф" ("Ар-намыс жана кадыр-барк") уюмунун негиздөөчүсү Ульфатхоним Мамадшоева 20 жылга кесилгенден кийин анын уюму да ишмердүүлүгүн токтоткон. Ал "Кылмыштуу уюм түзүү", "Терроризм", "Мамлекетке чыккынчылык кылуу" жана "Мыйзамсыз бийликти басып алууга аракет кылуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган.

Быйыл апрелдин аягында БУУнун Расалык басмырлоону жоюу комитети Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы жарандык активисттерге басым жасап жатканы үчүн тажик бийлигин сынга алган.

XS
SM
MD
LG