Ссылки доступа

Активисттер казак бийлигин БУУнун Жанболат Мамай боюнча чечимин аткарууга чакырышты


Каттоодон өтпөгөн "Казакстандын демократиялык партиясынын" жакында эле соттолгон лидери Жанболат Мамайдын тарапташтары казак бийлигин БУУнун Негизсиз камоолор боюнча жумушчу тобунун чечимин аткарууга чакырышты.

Өткөн айда БУУнун эксперттери Жанболат Мамай негизсиз камакка алынганы жөнүндө чечим чыгарып, ал тез арада бошотулушу керек деген бүтүмгө келгени белгилүү болгон.

"Казакстан адам укуктары боюнча негизги келишимдер менен макулдашуулардын катышуучусу катары БУУнун жумушчу тобунун чечимин аткарууга милдеттүү. Жанболат Мамайга карата кылмыш иши саясий негиздер менен козголгон", – деди активист Инга Иманбай.

10-апрелде Алматынын Бостандык райондук соту Мамайды Январь окуялары маалындагы "жапырт башаламандыктар" иши боюнча күнөөлүү деп таап, алты жылга эркинен ажыраткан. Мындан тышкары ага бул аралыкта коомдук-саясий ишмердүүлүк менен алектенүүгө да тыюу салынган. Мамай айыптоону четке кагып, өкүм боюнча жогорку баскычка апелляциялык арыз менен кайрыларын билдирген.

"Казакстандын демократиялык партиясын" каттоодон өткөрүүгө аракет көрүп келген Жанболат Мамай 2022-жылы февралда 15 суткага камакка алынган. Бул мөөнөтү аяктагандан кийин ага "жалган маалымат таратуу" жана "бийлик өкүлүн кемсинтүү" айыптары тагылып, тергөө абагына которулган. Июнда ага Январь окуялары маалында Алматыда "жапырт башаламандык уюштуруу" боюнча дагы бир айып тагылганы белгилүү болгон. Мамай бул айыптоолордун баарын четке каккан. Ноябрь айында ал үй камагына чыгарылган.

Буга чейин Human Rights Watch, Amnesty International жана Freedom House сыяктуу укук коргоо уюмдары Казакстандын бийлигин Мамайга тагылган айыптардын баарын алып, аны эркиндикке чыгарууга чакырышкан.

XS
SM
MD
LG