Ссылки доступа

Казакстанда "Атамекен" ишкерлер палатасынын мурдагы башчысына кылмыш иши козголду


Казакстандын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы "Атамекен" Улуттук ишкерлер палатасынын башкармалыгынын мурдагы төрагасы Абылай Мырзахметовго кылмыш иши козголгонун билдирди.

Коррупцияга каршы кызмат Сотко чейинки тергөө иштери башталганын, башка маалыматтар азырынча айтылбай турганын белгиледи.

10-май күнү кечинде айрым басылмалар "Атамекен" палатасынын мурдагы төрагасы Аблай Мырзахметов 30 миллион доллар пара алуу иши боюнча кармалганын кабарлашкан.

2022-жылдагы Январь окуясынан кийин Казакстандын мурдагы президентинин күйөө баласы, миллиардер Тимур Кулибаев "Атамекен" Улуттук ишкерлер палатасынын президиумунун төрагалыгынан бошотулган. Арадан бир ай өтпөй, 18-февралда "Атамекен" палатасынын Абылай Мырзахметов жетектеген башкармалыгы да кызматтан кеткен.

Кулибаев кеткенден кийин депутаттар палата башаламандыктан жапа чеккен ишкерлерге жардам көрсөтүүнүн ордуна статистика чогултуу менен алек болуп жатат деп сындай башташкан.

Абылай Мырзахметов 2013-жылдан 2022-жылдын февралына чейин "Атамекен" Улуттук ишкерлер палатасын жетектеген. КазТАГ агенттигинин маалыматына ылайык, 2003-жылдын май айында мурдагы транспорт министри Абылай Мырзахметов мамлекеттик мүлктү уурдоону уюштурган деген айып менен беш жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылган. Көптөр анда ага өтө жумшак жаза берилгенин сындашкан.

XS
SM
MD
LG