Ссылки доступа

Тажикстанда журналист Хуршед Фозиловдун ишин тергөө аяктады


Журналист Хуршед Фозилов
Журналист Хуршед Фозилов

Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Согд облустук башкармалыгы журналист Хуршед Фозиловго козголгон кылмыш ишин тергөөнү аяктап,  прокуратурага өткөрүп берди.

Мыйзамга ылайык, айыптоо корутундусу тастыкталгандан кийин прокурор кылмыш ишин сотко жөнөтөт.

Хуршед Фозиловдун жактоочусу Дилафруз Самадова 11-майда “Озоди” радиосуна билдиргендей, бир күн мурун тергөө аяктаганы кабарланган.

“Хуршед Фозилов менен бирге иштин материалдары менен тааныштык. Жакынкы арада иш биринчи инстанциядагы соттун кароосуна жөнөтүлөт”, - деп кошумчалады адвокат.

37 жаштагы журналист Хуршед Фозилов быйыл 6-мартта кармалган. Аймактык журналист жергиликтүү жана эл аралык басылмалар менен кызматташып, негизинен Зерафшан аймагындагы тургундардын көйгөйлөрү жөнүндө жазып келген. Өз макалаларында ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн көп сындап, социалдык түйүндөрдө да активдүү болгон.

Фозиловго "Тажикстандын конституциялык түзүлүшүн күч менен өзгөртүү" беренеси менен айып тагылган. Ал күнөөлүү деп табылса беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Буга чейин журналисттин адвокаты ал тагылган айыптарды четке кагып жатканын билдирген.

Адвокат: расследование уголовного дела Хуршеда Фозилова завершено
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:04 0:00

2022-жылы Тажикстанда жети журналист жана блогер камакка алынып, жети жылдан 21 жылга чейинки мөөнөттөргө соттолгон. Алардын ичинен Далери Имомали, Абдулло Гурбати, Абдусаттор Пирмухаммадзода жана Завкибек Саидамини тыюу салынган уюмдар менен кызматташууга күнөөлүү деп табылган. Журналисттер өздөрү жана алардын жакындары мындай айыптоолорду четке какса, айрымдары тергөө абагында кыйноого кабылганын айтып чыгышкан.

Эл аралык укук коргоо уюмдары журналисттер менен блогерлерди камакка алганы үчүн тажик бийлигин сынга алып, аларды тез арада эркиндикке чыгарууга чакырышкан. Бирок расмий Душанбе мындай чакырыктарга эч кандай реакция кылбай келет.

XS
SM
MD
LG