Ссылки доступа

Эрдогандын атаандаштарынын бири шайлоого катышуудан баш тартты


Түркиянын президенттигине талапкер, “Мамлекет” партиясынын лидери Мухаррем Инже жекшемби күнү, 14-майда өтө турган шайлоодон баш тартканын жарыялады. Бул тууралуу Түркиянын Anadolu маалымат агенттиги жазды.

Инже бул кадамын шайлоо өнөктүгү учурунда компроматтар толкунуна кабылып, кадыр-баркына доо кеткени менен түшүндүрдү.

Саясатчы 45 күн бою анын аброюна шек келтирген жасалма сүрөттөр түрк маалымат каражаттарында тарап кеткенин, укук коргоо органдары бул фактыларды иликтебегенин билдирди. Инже мамлекет анын жаран жана президенттикке талапкер катары кадыр-баркын коргой албаганын баса белгиледи.

DW билдиргендей, Инже президенттик жарышта кайсы бир талапкердин пайдасына өз талапкерлигин алып салганын айткан эмес. Ал түрк жарандарын 14-майда президенттик шайлоо менен катарлаш өтө турган парламенттик шайлоодо өз партиясына добуш берүүгө чакырды.

2018-жылы өткөн президенттик шайлоодо Инже Эрдогандын эң негизги оппоненти катары шайлоо аттанган. Анда аны оппозициячыл Улуттук-республикалык партия көрсөткөн. 59 жаштагы Инже шайлоодо 31 пайызга жакын гана добуш алган.

2021-жылы Мухаррем Инже "Мамлекет" партиясын негиздеген.

14-майда Түркияда парламенттик жана президенттик шайлоо өтөт. Буга чейин төрт талапкер каттоодон өткөн. Оппозициялык альянс Улуттук-республикалык партиянын лидери Кемал Кылычдароглуну президенттикке талапкер катары көрсөткөн. Эрдоган бийликтеги АК партия (AKP) жана Улуттук элдик партия (MHP) менен бир альянста шайлоого барат. Алардан башка "Мамлекет" партиясын жетектеген Мухаррем Инже жана теги азербайжандык, парламент депутаты Синан Оган каттоодон өткөн.

XS
SM
MD
LG