"Дархан менен Владаны дем алыш күнү кечинде болушунча жашыруун соттошту. Аларга протоколдун көчүрмөсү да, камакка алуу тууралуу токтом да берилген эмес. Активисттер бошотулушу керек. Биз Владанын ачкачылык жарыялоо чечимин колдойбуз", – деди кыймылдын мүчөсү Жанель Шаханова.
12-майда басма сөз жыйынын өткөргөн "Oyan, Qazaqstan'дын" өкүлдөрү кыймылдын мүчөлөрү 2019-жылдан бери түрдүү куугунтуктарга, басымга жана аңдууларга туш болуп келатканын белгилеп, бийликтен мындай аракеттерди токтотууну талап кылышты.
"Oyan, Qazaqstan" кыймылынын активисттери Дархан Шарипов менен Влада Ермольчева 6-майда Алматыда кармалып, көчмө соттун чечими менен экөө тең 15 суткага камакка алынган.
Анда Ермольчева 26-мартта, Шарипов былтыр ноябрда нааразылык акциясына чыкканы үчүн камалганы кабарланган.
Быйыл 19-мартта мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоодо байкоочу болгон Ермольчева 26-мартта нааразылык акциясына чыккан. Шарипов былтыр ноябрда "Таза шайлоо үчүн" деген ураан менен өткөн акцияга катышкан.
11-майда камакта отурган Влада Ермольчева ачкачылык жарыялаганын билдирген.