"Либералдык-демократиялык партиянын буга чейинки президенттик жана парламенттик шайлоолордогу 237 убадасынын 143ү азыркы президенттин аракети менен ишке ашырылды. Бул боюнча партиянын бардык активдери менен кеңешип, президенттик шайлоодо "Өзбекстандын либералдык-демократиялык партиясы" менен бирге Шавкат Мирзиёевдин талапкерлигин колдоону сунуштайм", – деди курултайда "Улуттук кайра жаралуу" партиясынын лидери Алишер Кадиров.
12-майда "Өзбекстандын либералдык-демократиялык партиясы" президенттик шайлоого Шавкат Мирзиёевдин талапкерлигин көрсөтүү чечимин кабыл алган.
Ага чейин "Экологиялык партия" өз лидери Абдушүкүр Хамзаевдин, "Элдик демократиялык партия" Улугбек Иноятовдун жана "Адолат" социал-демократиялык партиясы Робахон Махмудовдун талапкерлигин көрсөткөн.
Өзбекстанда жакында эле референдум өтүп, Конституцияны өзгөртүү сунушу колдоо тапкан. Ага ылайык, президенттик мөөнөт эми беш жылдан жети жылга узартылды. Муну менен Мирзиёевге 2040-жылга чейин бийликте отурууга жол ачылган.
Өзбекстанда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 9-июлга белгиленип, шайлоо өнөктүгү 10-майда башталган.