Ссылки доступа

Тажикстанда жети жумушчу канализациялык люкта тумчугуп өлдү


Тажикстандын Пенжикент шаарында жергиликтүү Суу чарба коммуналдык башкармалыгынын жети жумушчусу иш учурунда болжол менен күкүрт суутегине ууланып каза болду.

Маалыматка караганда, окуя 13-мартта Пенжикенттеги көчөлөрдүн биринде болгон.

Согд облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын басма сөз катчысы Диловар Хамдамовдун айтымында, аталган башкармалыктын жети жумушчусу жана дагы бир жергиликтүү тургун оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн канализациялык люкка түшкөн.

"Иш учурунда алар өздөрүн жаман сезип, эс-учун жоготкон абалда ооруканага жеткирилген. Коммуналдык башкармалыктын жети жумушчусу ооруканада көз жумду. Дагы бир киши реанимациялык бөлүмдө жатат. Каза болгондордун сөөктөрү жакындарына өткөрүлүп берилди", – деди Хамдамов.

Бул окуяга байланыштуу тиешелүү органдар текшерүү иштерин баштаганы кабарланды.

XS
SM
MD
LG