Ссылки доступа

Тажикстан Орусияга ИМ жоочусунун жубайын экстрадициялады


Тажикстан Орусияга "Ислам мамлекети" террордук тобунун жоочусу, "Абу Довуд" деген каймана ысым менен белгилүү Парвиз Саидрахмоновдун аялын өткөрүп берди.

"Абу Довуд" Түркияда кармалып, аялы Мадина Бондаренко жана балдары менен бирге Тажикстанга 2022-жылы сентябрда экстрадицияланган.

Өткөн жылдын соңунда Душанбе шаардык соту Парвиз Саидрахмоновду бир нече оор кылмыштарга, анын ичинде "Чет өлкөнүн аймагындагы согуштук аракеттерге катышуу" жана "Террордук уюм түзүү" беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, 21 жылга эркинен ажыраткан.

Тажик бийлиги анын жубайынын Орусияга экстрадицияланганын расмий ырастай элек, бирок Мадина Бондаренконун апасы Оксана Жейлиева үч апта мурун Түндүк Осетиядагы тергөө абагында кызы менен сүйлөшкөнүн билдирди.

"Кызыма ИМ тобу менен кызматташуу жана бул уюмга мүчө болуу айыптары тагылып, кылмыш иши козголду. Кызымды Сирияга алдап алып кетишкен. Мен адвокат жалдадым, азыр анын күнөөсүз экенин далилдегенге аракет кылып жатабыз", - деди ал.

Мадина Бондаренко Тажикстанга төрт баласы менен экстрадицияланган. Оксана Жейлиеванын айтымында, алардын бири Парвиз Саидрахмоновдун тажик аялынын баласы.

"Неберелеримдин бири кызымдын биринчи жолдошунан, ал Орусиянын жараны. Эки неберем – Парвизден. Үч неберемди мага өткөрүп берүүлөрүн каалайм", - деди ал.

Тажикстанда Мадина Бондаренконун балдары кайсы жерде экени белгисиз.

Тажик бийлиги Парвиз Саидрахмонов ИМ тобунун эң кооптуу үгүттөөчүлөрүнүн бири экенин билдирген. Маалыматка караганда, ал ИМдин катарына 200дөн ашык кишини азгырган. Жакындарынын айтымында, Саидрахмонов Орусияда иштеп жүрүп, ал жактан Иракка барып, террордук уюмдун жоочуларына кошулуп кеткен.

Тажикстанга экстрадициялангандан кийин Парвиз Саидрахмонов 21 жылга катаал режимдеги колонияга соттолгон.

Тажик бийлигинин маалыматына караганда, 2013-2015-жылдары ИМ тобунун катарына кошулуу үчүн 2 миңге жакын жаран өлкөдөн чыгып кеткен. Жүздөгөн адам Сирия менен Ирактагы согуштук аракеттер маалында каза болсо, айрымдары мекенине кайтып келгенден кийин мунапыс менен жазадан бошотулуп же узак мөөнөттөргө соттолгон.

Видео

XS
SM
MD
LG