Ссылки доступа

Өзбекстанда Адам укуктарынын декларациясынын кабыл алынганынын 75 жылдыгы белгиленет


Өзбекстанда Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынганынын 75 жылдыгы кеңири белгиленет. Тиешелүү жарлыкка президент Шавкат Мирзиёев кол койду.

Жарлыкка ылайык, 2023-жылдан баштап жыл сайын 1-10-декабрь аралыгында орто мектептерден тарта жогорку окуу жайларга чейин чейин «Адам укуктары» декадасы жана жалпы улуттук сабак өтүлөт.

Мындан тышкары өзбек өкмөтү БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине өлкөдөгү адам укуктарынын корголушу, анын ичинде кыйноолорго каршы күрөш боюнча улуттук баяндамаларды даярдайт.

Жарлыкка ылайык, Өзбекстан БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгына ыктыярдуу салым катары жүз миң доллар которот.

Акыркы жылдары өзбек өкмөтү мыйзам үстөмдүк кылган өлкө түзүүгө аракет кылып жатканын айтып келет. Бирок жергиликтүү жана эл аралык медиада Өзбекстанда адам укуктарынын одоно бузулушу, кыйноолор колдонулуп жатканы тууралуу маалыматтар байма-бай жарыяланууда.

XS
SM
MD
LG