Ссылки доступа

Тажикстанда оппозициячыл басылманын билдирүүсүнө "лайк" баскан жаран кармалды


Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери экстремизм айыбы менен Исфара шаарынын 70 жаштагы тургуну Камолиддин Шарофовду кармашты.

Расмий маалымат жарыялана элек. Бирок жакындары пенсионер экстремизмге айыпталып жатканын айтышууда. Ал Хожент шаарындагы тергөө абагына киргизилди.

70 жаштагы Камолиддин Шарофов 5-майда Исфаранын Сурх айыл өкмөтүнүн имаратында болгон чырдан кийин кармалган.

"Ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн мыйзамсыз аракеттерин токтотууну талап кылып, болбосо "Ислох.ТВ" менен"Озоди" радиосуна арыз жазам деп коркуткандан көп өтпөй кармалган", — деди Шарофовдун жакындарынын бири.

Бул окуядан кийин Шарофовго карата текшерүү иштери башталган.

"Текшерүү учурунда Камолиддин Шарофов социалдык тармактардагы "Ислох.ТВ" сайтына жазылганы, билдирүүлөргө “лайк” басып, оппозициялык сайттын видеолорун бөлүшкөнү аныкталган", - деп кошумчалады Шарофовдун тууганы.

Тажикстанда соттун чечими менен "Ислох.net" жана "Ислох.ТВ" сайттары бөгөттөлгөн.

Камолиддин Шарофов 5 баланын атасы. Мурда мектепте мугалим болуп иштеп, жеке ишкерлик менен алектенген. Жакындары анын адвокат жалдоого акчасы жок экенин айтышууда.

Тажикстанда террористтик ишмердүүлүккө чакыруу жана терроризмди актоо үчүн 10 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Укук коргоочулар экстремизм жана терроризмге каршы күрөштүн шылтоосу менен жарандык коомго кысым көрсөтүү күчөп жатканын билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG