Ссылки доступа

Өзбекстанда квалификациялуу адистерди даярдоого 1 миллиард доллар бөлүнөт


Өзбекстанда 1-июндан тарта "20 миң ишкер – 500 миң квалификациялуу адис" программасы ишке ашырыла баштайт. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёев билдирди.

Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы кабарлагандай, программаны ишке ашыруу үчүн 2023-2024-жылдары бюджеттен 1 миллиард доллар бөлүнөт. Бул каражат программага катышып жаткан ишкерлерге пайыздык чени кыйла төмөн жана мөөнөтү узагыраак насыяларды берүүгө жумшалат. Мындай насыя алуу үчүн ишкерлер муктаж үй-бүлөлөрдөн чыккан жарандарды окутуп, жумушка алуусу керек болот. Бул үчүн кеткен чыгымдарды мамлекет толугу менен төлөп берет.

Мирзиёев Өзбекстанда профессионалдык окутуулар үчүн жылына 17,5 миллион доллар бөлүнөрүн, бирок бул ишкерлердин адистерге болгон муктаждыгын толук жаппай турганын билдирди.

"Миңдеген адистерди окутууга ишкерлер да жыл сайын көп ресурс коротушат, бирок алар мамлекеттен эч кандай колдоо алышпайт. Ошондуктан "20 миң ишкер – 500 миң квалификациялуу адис" программасын ишке ашыруу чечими кабыл алынды", – деди президент.

Бул программанын алкагында бир жылдын ичинде жакыр үй-бүлөлөрдөн 20% кем эмес кызматкерди ишке алган ишкерлер мүлк жана жер салыктарынан бошотулат. Ошол эле учурда мындай ишканага жумушка кирген аз камсыз болгон үй-бүлөнүн мүчөсү киреше салыгын төлөбөйт.

Мындан тышкары жумушчуларга 450 долларга чейин айлык төлөгөн ишкерлер үчүн социалдык салыктын чени эки эсеге төмөндөтүлөт. Ошондой эле алардын ишмердүүлүгүн салык органдары текшербейт.

XS
SM
MD
LG