Ссылки доступа

Баяндама: Өзбекстанда диний себептер менен камакка алынган 1 800 жаран бар


Өзбекстандын түрмөлөрүндө диний фундаменталдык уюмдарга мүчө болуу, терроризм жана экстремизм айыптары менен камакка алынган 1 800 адам бар. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаменти жарыялаган дүйнөдөгү дин тутуу эркиндиги боюнча кезектеги баяндамада айтылат.

Маалыматка караганда, Өзбекстанда 2022-жылы дин тутуу эркиндиги үчүн күрөшүп келген активисттер экстремизм жана терроризм айыптары менен камакка алынган.

27-майда Каракалпакстанда диний укук коргоочу Алимардон Султанов "Экстремизм" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, жети жылга эркинен ажыратылган. Ошол эле жылы 6-майда Ташкентте онго жакын адам милиция бөлүмдөрүнө жеткирилип, сакалдарын алууга мажбурланганы кабарланган. Укук коргоочулардын айтымында, күч түзүм кызматкерлери аларды "15 суткага камакка алабыз" деп коркутушкан.

Мамдепартаменттин баяндамасында өткөн жылы өзбек өкмөтү төрт диний уюмду – үч чиркөөнү жана бир "Бахаи" тобун каттоого алганы жазылган. Ошол эле маалда 16 диний уюмду каттоодон өткөрүүдөн баш тарткан. Маалыматка караганда, ал уюмдар 2021-жылдан бери өкмөттүн расмий уруксатын ала албай келишет.

Укук коргоочулардын айтымында, акыркы кездери социалдык түйүндөрдүн өзбек сегментинде "белгилүү ислам блогерлеринин антихристиандык, антисемиттик, антибатыштык жана аялдарга каршы контенти күчөдү".

XS
SM
MD
LG