Ссылки доступа

Казак диссиденти Жасарал Куанышалин ооруканага түштү


Казакстанда 74 жаштагы оппозициячыл саясатчы жана диссидент Жасарал Куанышалин саламаттыгы кескин начарлап кеткенине байланыштуу ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу анын жакындары жана тарапташтары билдиришти.

Саясатчынын жубайы Айсулу Кадырбаева акыркы жарым жылдан бери ооруканада жатканын, бул аралыкта Куанышалин үйдө жалгыз болгонун билдирди.

"Акыркы жолу сүйлөшкөнүбүздө дарыгерлер ага ооруканага жатышы керектигин айтканын билдирген. Бүгүн тарапташтары телефон чалып, ал реанимацияда эсине келбей жатканын айтышты", – деди Кадырбаева.

Коомдук ишмерлер Бибигүл Жоламанова менен Арман Иманжановдун айтымында, Куанышалин ооруканага 16-майда жеткирилген. Учурда реанимация бөлүмүндө жатат.

Жасарал Куанышалин — казак диссиденти, оппозициячыл саясатчы. 1994-1995-жылдары Казакстан парламентинин депутаты болгон. Кийин оппозициялык ишмердүүлүккө өтүп, түрдүү коомдук кыймылдардын курамында өлкө жетекчилигин ачык сынга алып келген. Акыркы жылдары тарапташтары менен бирге жаңы түзүлүп жаткан партияны каттоодон өткөрүүгө аракет кылган. Бирок Юстиция министрлиги түрдүү шылтоолор менен аны каттоодон баш тартып келет.

Куанышалин кезинде президенттикке талапкерлигин коюуга аракет кылган, бирок бийлик аны каттаган эмес.

Жасарал Куанышалин ошондой эле Казакстандын демократиялык уюмдарынын ардагери болуп эсептелет. 2021-жылы февралда "саясий туткундарды" коргоо боюнча коомдук комитет түзгөнүн жарыялаган.

XS
SM
MD
LG