Ссылки доступа

Ирактагы абакта ачкачылык жарыялаган аялдар нааразылыкты токтотту


Багдад шаарындагы "Русафа" аялдар түрмөсүнүн жетекчилиги нааразылык катары ачкачылык жарыялаган орус жарандарын мекениндеги абактарга которууну убадалады. Бул тууралуу "Кавказ.Реалии" басылмасы аталган түрмөдөгү аялдардын бирине шилтеме кылып кабарлады.

"Русафа" түрмөсүндө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан орусиялык жана борбор азиялык ондогон аял үч жума мурда ачкачылык жарыялаган. Алар өздөрүнө каршы козголгон кылмыш иштерин кайра карап чыгуу жана өз мекенине жөнөтүү талабын коюшкан. Ачкачылык жарыялагандардын арасында кыргызстандыктар да бар.

"Азаттык" радиосуна байланышкан кыргызстандык аялдар ачкачылык акциясы 16-майда токтогонун, айрым өлкөлөрдүн консулдары абакка келгенин билдиришти. Бирок кайсы өлкөлөрдүн өкүлдөрү экенин тактай алышкан жок.

Маалыматтарга караганда, орусиялык 21 аялды мекенине жөнөтүү маселеси каралып жатат.

Reuters агенттиги 2021-жылдын 19-мартында Багдаддын Ар-Русафа районундагы абакта 494 чет элдик аял отурганын жазган. Алар 18 мамлекеттин жарандары экени, арасында борборазиялыктар да бар экени белгиленген. BBC алардын балдарын кошуп эсептегенде 600 чамалуу экенин кабарлады.

"Русафадагы" кыргызстандык 40 аял апрелдин башында "Азаттыкка" кайрылып, мекенине кетүү үчүн жардам сурап, кыргыз бийлигине үнүн жеткирүүнү өтүнүшкөн. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Багдаддагы түрмөдө 41 кыргыз жараны отурганын бышыктаган.

Алар 2013-2015-жылдары Сирияга, Иракка күйөөлөрүн, балдарын ээрчип барганын, "террордук топтун мүчөсү" деп Багдадда соттолушканын билдирген.

Ирак бийлиги 2016-2018-жылдары "Ислам мамлекети" радикал тобунун жоочуларын өлкөдөн кууп чыккандан кийин, жихадчыларды жана алардын катарындагы аялдарды камап, катаал жазага тарткан. Узак мөөнөткө камалгандардын арасында кыргызстандыктар да бар. Алар кыргыз мыйзамдарына ылайык да "оор кылмыш кылды" деп эсептелет.

XS
SM
MD
LG