Ссылки доступа

Тажикстан ИИМи тергөөчүсү шектүүнү зордуктаганын четке какты


Тажикстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) мекеменин тергөөчүсү Хоженттин тургунунан пара талап кылып, аны зордуктаганы тууралуу билдирүүнү четке какты.

Буга чейин Хожент шаарынын тургуну Шахло Давлатова жергиликтүү ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Дилмурод Шодизода андан 30 миң доллар пара талап кылып, иш бөлмөсүндө зордуктаганын айтып чыккан.

"Шахло Давлатованын сөздөрү жалган. Ал өзүн күнөөсүз, жапа чеккен адам катары көрсөтүүнүн ордуна эч кандай далили жок эле милициянын подполковнигин айыптап жатат", – деп жазылган ИИМдин билдирүүсүндө.

Мекеме Шахло Давлатова 2016-жылы "Байбаштык" беренеси менен кылмыш жоопкерчилигине тартылып, бирок мунапыс менен бошотулганын кошумчалаган.

Давлатова былтыр жылдын аягында "мыйзамсыз валюталык операцияга" байланыштуу кайра кармалып, төрт жылга эркинен ажыратылган. Бирок сот өкүмүндө анын кичинекей баласы бар болгондуктан, төрт жылдан кийин гана жазага тартылары жазылган.

Шахло Давлатова курулуш компанияларынан жарым-жартылай даяр болгон батирлерди сатып алып, ремонт кылгандан кийин кайра сатуу менен алектенчү. Ал сатуу жана сатып алуу операцияларын улуттук валютада гана ишке ашырып келгенин билдирүүдө. Давлатова 2022-жылы ноябрдын аягында жергиликтүү тургундардын бири 9 800 долларлык карызын кайтарып берип жатканда кармалганы айтылган. Ал тергөөчү Дилмурод Шодизода анын бул ишин токтотуу үчүн пара сураганын билдирүүдө.

Давлатова Шодизоданын тергөө учурундагы аракеттеринин мыйзамдуулугун текшерүү өтүнүчү менен бир катар мамлекеттик органдарга, анын ичинде президенттик аппаратка кат жазып, тергөөчүнү пара талап кылганы жана зордуктаганы үчүн жазалоону суранган.

XS
SM
MD
LG