Тажикстандын Сириядагы элчилиги кабарлагандай, жалпысынан Душанбеге 31 аял жана эрезеге жете элек 73 бала жеткирилди. Бул аялдардын көбү Сирияга 2014-2016-жылдары күйөөлөрүнүн артынан барып, ИМ тобу алсырагандан кийин 2018-жылы качкындар лагерлерине жайгаштырылган.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Сириядан алып келинген жарандардын баары атайын жайларга жеткирилип, реабилитациядан өткөрүлөрүн билдирди.
Өткөн жылы июлда Сириядан Душанбеге 146 тажикстандык аялдар менен балдар алып келинген.
Буга чейин тажик бийлиги Сириядагы качкындар лагерлеринде 500дөн ашык тажик тектүү аялдар жана балдар бар экенин кабарлаган.