Ссылки доступа

Казакстандагы жол кырсыгынан Өзбекстандын төрт жараны каза болду


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Казакстандын Атырау облусунда катталган жол кырсыгынан Өзбекстандын төрт жараны каза болуп, дагы экөө ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу "Газета.уз" басылмасы кабарлады.

Маалыматка караганда, 20-майда Toyota Ipsum автоунаасы менен "КамАЗ" сүзүшүп, жыйынтыгында жеңил унаанын айдоочусу жана үч жүргүнчүсү каза болгон. Toyota'нын дагы эки жүргүнчүсү түрдүү жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.

"Учурда каза болгондордун тек-жайын аныктоо иштери жүрүүдө. Азырынча алардын Өзбекстандын жарандары экени гана белгилүү", – деди Атырау облустук жол полиция бөлүмүнүн өкүлү Адилбек Шахметов.

Ал жыл башынан бери Toyota'нын айдоочусуна карата 10 протокол түзүлгөнүн, алардын сегизи автоунааны катуу ылдамдыкта айдаганы, экөө коопсуздук курун тагынбаганы үчүн толтурулганын кошумчалады.

Быйыл 16-майда Казакстандын Актөбө облусундагы жол кырсыгынан эки өзбек жараны каза болуп, алтоо жаракат алган. Марттын башында ушул эле облустун аймагында Cobalt автоунаасы менен "КамАЗ" сүзүшүп, Өзбекстандын төрт жараны өлгөн.

XS
SM
MD
LG