Ссылки доступа

Тажикстанда террорчулардын сөөгү мындан ары жакындарына берилбейт


"Ислам мамлекети" тобунун жоочусу Гулмурод Халимовдун бир туугандарынын мүрзөсү. Варзоб району, 2017-жыл
"Ислам мамлекети" тобунун жоочусу Гулмурод Халимовдун бир туугандарынын мүрзөсү. Варзоб району, 2017-жыл

Тажикстанда мындан ары антитеррористтик операциялар маалында же теракт жасоо учурунда өлтүрүлгөн террорчулардын сөөгү жакындарына берилбейт. Тажик өкмөтү 28-апрелде кабыл алган тиешелүү токтомдун көчүрмөсүн "Озоди" радиосу 22-майда жарыялады.

Документте террорчулардын сөөктөрүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тергөө органдары көрсөткөн жерге көмүп, бул жөнүндө эч кимге кабар берилбей турганы жазылган.

Каттоо китепчесине террорчунун аты-жөнү, туулган жана өлгөн күнү, ошондой эле анын мүрзөсүнүн номуру жазылбайт. Болгону анын өлүмү тууралуу күбөлүк ким тарабынан берилгени, аны көмгөн уюмдун аталышы жана дареги гана көрсөтүлөт. Террорчунун сөөгү мүрзөгө үстү жабылган табыт менен жеткирилет.

Документте ошондой эле антитеррористтик операция учурунда жок кылынган чет өлкөлүктөрдүн өлүмү тууралуу Тышкы иштер министрлиги аркылуу тиешелүү мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө же консулдук мекемелерине кабар берилери жазылган.

Буга чейин Тажикстандын бийлиги антитеррористтик операциялар учурунда өлтүрүлгөн адамдардын сөөгүн жакындарына берип келген. Бирок аларды акыркы сапарга узатуу зыйнатына чектелген гана сандагы адамдардын катышуусуна уруксат берилген.

XS
SM
MD
LG