Ссылки доступа

"Казатомпромдун" мурдагы башчысы Мухтар Жакишевдин 14 жылдык жаза мөөнөтү аяктады


Уран өндүрүүчү "Казатомпром" улуттук компаниясынын мурдагы башчысы Мухтар Жакишев 21-майда анын 14 жылдык жаза мөөнөтү аяктаганын билдирди.

"Менин 14 жылдык жаза мөөнөтүм аяктады. Эми мен бошмун!", – деп жазды ал Facebook баракчасына.

Мухтар Жакишев 11 жыл абакта отургандан кийин 2020-жылы мартта шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыккан. Ал 2009-жылы май айында кармалып, коррупциялык иштерге байланышкан айыптар менен 14 жылга соттолгон. Жакишевдин иши жабык каралган. Ал айыптардын баарын четке кагып келген.

Жергиликтүү укук коргоочулар Жакишев Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин эң башкы саясий душманы эсептелген бозгундагы саясатчы Мухтар Аблязов менен дос болгону үчүн гана камалганын айтып келишкен.

2015-жылы БУУнун адам укуктары боюнча комитети Жакишевдин даттануусунун негизинде анын укуктары бузулуп жатканын белгилеп, казак бийлигинен аны абактан бошотууну талап кылган. Бирок расмий Астана Мухтар Жакишевдин ишинде саясий боёк жок экенин билдирип, аны эркиндикке чыгаруудан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG