Ссылки доступа

Вахдатта бюджет кызматкерлери Юлдуз Усманованын концертине билет сатып алууга мажбурланууда


Өзбекстандык ырчы Юлдуз Усманова
Өзбекстандык ырчы Юлдуз Усманова

Тажикстандын Вахдат шаарындагы мугалимдер менен дарыгерлер, ошондой эле айрым имам-хатибдер белгилүү өзбек ырчысы Юлдуз Усманованын концертине билет сатып алууга мажбурланып жатышканына даттанууда.

Усманованын концерти Тажикстанда 23-майда белгилене турган Жаштар күнүнө карата 26 миң кишиге ылайыкташкан шаардык стадиондо өтөт. Концертке билеттер 30-50 сомониден (2,7-4,5 доллар) сатылууда.

Вахдат шаардык ооруканасынын аты-жөнүн айткысы келбеген дарыгерлеринин бири аны алты билет сатып алууга мажбурлашканын билдирди. "Алгач бизди бирден билет сатып алууга милдеттендиришкен. Мен буга каршы деле болгон эмесмин. Бирок эртеси ар бир дарыгерге дагы бештен билет берип, "барсаңар да, барбасаңар да билеттин акчасын төлөшүңөр керек" деп айтышты. Билеттин ар бири 50 сомони турат. Алты билетке 300 сомони коротууга туура келүүдө", – деди дарыгер.

Вахдат шаарына караштуу Ромит айылдык жамаатындагы мектепте иштеген мугалимдердин бири жергиликтүү бийлик аларды да Юлдуз Усманованын концертине билет сатып алууга мажбурлап жатканын билдирди. "Биздин мектепти 30 сомониден 10 билет сатып алууга милдеттендиришти. Дагы он билетти биз айыл тургундарына сатышыбыз керек. Эгер сата албасак алардын акчасын өз чөнтөгүбүздөн төлөй турганыбызды эскертишти", – деди аты-жөнүн билдиргиси келбеген мугалим.

Маалыматка караганда, жергиликтүү бийлик Усманованын концертине шаардагы башка дагы бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин, анын ичинде мечиттердин имам-хатибдерин да билет сатып алууга милдеттендиришкен. Ошол эле маалда имамдар концертке барууга милдеттүү эмес экени айтылган.

Вахдат шаардык акимчилиги Усманованын концерти Тажикстандын Маданият министрлигинин демилгеси менен Жаштар күнүнө карата өтөрүп ырастап, бирок билет сатып алууга мажбурлоо тууралуу билдирүүлөрдү четке какты.

Маданият министрлигинин өкүлдөрү бул боюнча журналисттерге комментарий берүүдөн баш тартышты.

Белгилүү өзбек ырчысы Юлдуз Усманова 22-май күнү кечинде Душанбедеги амфитеатрда чоң концерт берди. Ага билеттер 300-400 сомониден сатылды.

XS
SM
MD
LG