Ссылки доступа

Казакстандын Соода министрлиги дрондордун Орусияга реэкспорту тууралуу суроого жооп берди


Казакстандын соода министринин орун басары Кайрат Төребаев казак компаниялары эл аралык санкцияларды бузуп, Орусияга дрондорду жана электрондук тетиктерди жеткиргени тууралуу иликтөө боюнча суроого жооп берди.

"Биз бардык ишканалар эмнени экспорттоп, продукцияны кайдан алып жатканы боюнча экспертиза жүргүзөбүз. Сиздин маалыматыңыз кызыктуу, бирок аны Каржы министрлигине жөнөтсөңүз туура болот. Анткени продукцияны экспорттоо же импорттоо менен алектенген ишканаларды ошол мекеме каттайт. Бизде эч кандай маалымат жок", - деди Төребаев.

Бирок Каржы министрлигинин басма сөз кызматы бул маселе боюнча Соода министрлиги жооп берерин билдирди.

Эл аралык иликтөөчүлөр тобу өткөн аптанын соңунда жарыялаган иликтөөдө Казакстан аркылуу Орусияга миллиондогон долларларга дрондорду, микросхемаларды жана башка электрондук тетиктерди жеткирген компаниялар жөнүндө айтылган. Алар: казакстандык "Аспан Арба", "Da Group 22" компаниялары жана Казакстандан Орусияга компоненттерди ташыган орусиялык "Прайм-эк" компаниясы.

Эл аралык иликтөөчүлөр тобунун маалыматына караганда, Украинада согуш башталганга чейин Казакстан Орусияга өтө эле аз санда дрон экспорттогондуктан, ал жалпы соода статистикасында көрсөтүлчү эмес. Бирок 2022-жылы Казакстандан Орусияга 1,23 миллион долларга дрондор сатылган. "Учкучсуз учуучу аппараттар бүгүнкү күндө да Орусияга жеткирилип жатат. Мындан тышкары ракеталар менен робот-сапёрлорго керектүү микросхемалар да сатылууда", – деп жазылган иликтөөдө.

Акыркы кездери Орусиянын санкцияларды кыйгап өтүүсүндөгү ролуна байланыштуу Казакстанга экинчи даражадагы чектөөлөр киргизилиши мүмкүн экени айтылууда. Учурда Европа Биримдиги Орусияга каршы санкциялардын 11-топтомун, анын ичинде экинчи даражадагы санкциялардын механизмин талкуулап жатат.

Буга чейин Казакстандын бийлиги Орусияга каршы санкцияларды колдобогону менен Москвага чектөөлөрдү кыйгап өтүүгө жардам бербей турганын бир нече жолу билдирген.

XS
SM
MD
LG