Ссылки доступа

Казакстан ТИМи украин элчиси тууралуу: "Себебин түшүндүрбөстөн баш тартууга укугубуз бар"


Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) расмий Астана Украинанын Казакстандагы элчиси кызматына сунушталган Сергей Гайдайды бекитпей жатканы тууралуу ЖМКлардагы билдирүүлөргө комментарий бербейт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Айбек Смадияров билдирди.

"Биз бул процедуранын жашыруун экенин эске алып, ачык айтылбаган булакка шилтеме кылуу менен чыккан маалыматтарга комментарий бере албайбыз. Дипломатиялык укук тармагындагы конвенцияга ылайык, элчини кабыл ала турган тарап сунушталган талапкерди себептерин түшүндүрбөстөн эле бекитүүдөн баш тартууга укуктуу. Бул чечимди достукка жатпаган акты деп атоого болбойт. Казакстан Украина менен көп тармактуу карым-катнашты өнүктүрүүгө кызыкдар", – деди Смадияров.

Күн мурун "Дзеркало тижня" аттуу украин басылмасы өз булактарына таянып, Казакстан Луганск облусунун аскердик администрациясынын мурдагы башчысы Сергей Гайдайдын Астанадагы элчи кызматына дайындалышына макулдук бербегенин жазган. Маалыматка караганда, казак бийлиги Киевге элчи кызматында адискөй дипломатты көргүсү келип жатканын билдирген. Кийин Орусиянын бир катар ЖМКлары бул цитатаны колдонуп көптөгөн материалдарды чыгарышкан.

Сергей Гайдай 2019-жылдын октябрынан 2023-жылдын мартына чейин Луганск облусунун аскердик администрациясын жетектеген. Ал кызматтан алынгандан кийин айрым украин басылмалары Гайдай Украинанын Казакстандагы элчиси болушу мүмкүн экенин жазышкан.

Былтыр октябрда Украинанын президенти Владимир Зеленский Казакстандагы украин элчиси Петр Врублевскийди кызматтан алган. Ага чейин Москва Врублевский жергиликтүү блогерге берген маегинде "көбүрөөк орустарды өлтүрүү" жөнүндө айтканын билдирип, Астанадан аны өлкөдөн чыгарууну талап кылган.

XS
SM
MD
LG