Ссылки доступа

Тажикстанда армиядагы "чоңсунууга" айыпталган аскер кызматкерлеринин соту башталды (видео)


Тажикстандын Жогорку соту армияга жаңы чакырылган жоокерлерди сабоого айыпталган аскер кызматкерлеринин ишин карай баштады.

Жогорку соттун өкүлдөрү бул маалыматты ырастап, көчмө сот отурумдары Хожент шаарындагы Аскердик соттун имаратында өтөрүн билдиришти.

Бул иш боюнча айыпталуучу катары беш аскер кызматкери жана ошол кезде "Ворух" чек ара комендатурасынын башчысы болуп иштеген подполковник Нузхан Лазуриев кармалган.

Беш жоокер "Аскер кызматкерлеринин ортосундагы уставдык эрежелерди бузуу" беренеси боюнча айыпталууда. Алар күнөөлүү деп табылса беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө соттолушу мүмкүн.

Подполковник Нузхат Лазуриевге "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бул беренеде соттолуучулар үчүн сегиз жылдан 12 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы каралган.

24-апрелде интернетке жаш жоокерлерди башка аскер кызматкерлери катуу сабап жатканы тартылган видео жарыяланган. Анда аскер кийимчен адамдар казармада тизилген жоокерлерди башка-көзгө койгулап, таяк менен сабап жатканын көрүүгө болот.

Маалыматка караганда, бул видео 2022-жылдын аягында Тажикстандагы аскердик бөлүктөрдүн биринде тартылган.

Тажик өкмөтүнүн БУУнун Адам укуктары комитетине жөнөткөн баяндамасында 2019-2021-жылдары өлкөдө 100дөн ашуун жоокер армиядагы "чоңсунуудан" улам каза тапканы айтылган.

В Таджикистане начался суд над военнослужащими, жестоко избившими новобранцев
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:46 0:00

XS
SM
MD
LG