Маалыматка караганда, аялдар полиция бөлүмүнө жеткирилип, бир нече сааттык сурактан кийин бошотулду.
"Сурак маалында аларды мындан ары жупунураак кийинүүгө жана коомдук жайларда өздөрүн "түркмөнчүлүк принциптерине ылайык" алып жүрүүгө чакырышты", – деп билдирди радионун аймактык кабарчысы.
Түркмөнстандын мыйзамдарында түркмөн аялдарына "ылайык келген" жана "ылайык келбеген" кийимдердин түрлөрү жөнүндө эч нерсе жазылган эмес. Мындан тышкары Баш мыйзамда алардын коомдук жайларда өзүн алып жүрүшү боюнча белгилүү бир эрежер да жок. Бирок буга карабастан өлкөнүн укук коргоо органдары "түркмөнчүлүк" негиздерин шылтоолоп, аялдарга карата чектөө чараларын күчөтүп келишет.