Ссылки доступа

Казакстанда "мыйзамсыз чыгарылып кеткен каражаттарды кайтаруу үчүн" жаңы мекеме түзүлөт


Казакстан парламентинин Мажилиси өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылып кеткен активдерди кайтарууга байланышкан бир нече мыйзам долбоорун карай баштады.

Депутаттардын айтымында, негизги мыйзам долбоору "активдерди кайтаруу үчүн зарыл болгон мыйзамдык базалардын жоктугунан улам" жаңы мехинизмдерди аныктоого багытталган.

Документте мыйзамсыз чыгарылып кеткен активдерди кайтаруу боюнча Башкы прокуратуранын түзүмүндө жаңы мекеме түзүү каралган. Ал бул тармакта ыйгарым укуктуу орган катары иш алып барат.

Мыйзам долбоорунда ошондой эле активдерди топтоо жана башкаруу үчүн атайын мамлекеттик фонд менен башкаруучу компания түзүү сунушталган.

Добуш берүүдө депутаттардын дээрлик баары мыйзам долбоорун бир добуштан колдошту.

Кандуу Январь окуяларынан кийин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев "өлкө байлыгынын көпчүлүк бөлүгүнө ээлик кылып алган" адамдардын тобу жөнүндө бир нече жолу айткан. Айрым эксперттер азыркы бийликтин чет өлкөлөрдөгү активдерди кайтаруу аракетин капиталды кайрадан бөлүштүрүү өнөктүгүнүн бир бөлүгү экенин айтып келишет.

Өткөн жылы декабрда "Казакстандан мыйзамсыз чыгарылып кеткен каражаттарды кайтаруу боюнча" атайын комиссия өлкөгө 630 миллиард теңгеден ашык каражат кайтарылганын билдирген.

Tax justice network уюмунун маалыматына караганда, акыркы 25 жылдын ичинде Казакстандан чет өлкөлөргө 140-160 миллиард доллар чыгарылып кеткен. Айрым талдоочулар бул каражат мындан кыйла көп болушу мүмкүн экенин айтып келишет.

XS
SM
MD
LG