Ссылки доступа

Казакстанда журналист Олеся Вертинскаяга кол салуу иши боюнча соттун чечими өзгөрүүсүз калды


Атырау облустук соту "Дорожный контроль" сайтынын журналисти Олеся Вертинскаяга кол салуу иши боюнча биринчи баскычтагы соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

30-мартта Атырау шаарындагы №2 сот журналистке кол салууга айыпталган 23 жаштагы жергиликтүү тургун Алибек Меллятовдун эркиндигин бир жылга чектөө жана 100 саат коомдук жумуштарга тартуу чечимин чыгарган. Ал "Бейбаштык" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган.

Вертинская бул чечим менен макул болбой, облустук сотко апелляциялык арыз менен кайрылган. Арызда адвокат кол салууну "Атайылап адамдын саламаттыгына зыян келтирүү" беренеси менен тергөөнү талап кылган.

Олеся Вертинскаяга кол салуу былтыр 19-июлда анын Атырау шаарындагы үйүнүн тушунда болгон. Журналисттин айтымында, ал үйүнөн чыкканда бейтааныш жигит жардам сурап, андан соң жаакка чаап жиберген. Олеся кулап калганда аны тепкилей баштаган. Ошол маалда өтүп бараткан киши арачага түшүп, аялды куткарып калган. Анда жабырлануучунун мурду сынганы кабарланган.

2022-жылдын башында Январь окуяларынын Атырау облусундагы бөлүгүн чагылдырган Олеся Вертинская кол салууну буйрутма деп атап, аны журналисттик ишмердүүлүнүнө байланыштырган.

Былтыр 7-январда полиция кызматкерлери Вертинскаянын телефонун конфискациялап, Январь окуялары учурунда тартылган видеолорду өчүрүп салышкан. Журналист сурак маалында психологиялык басымга кабылганын жана башына бир нече жолу сокку жегенин айткан.

25-июлда Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) казак бийлигин Вертинскаяга кол салуу иши боюнча ачык жана адилет тергөө жүргүзүүгө чакырган.

XS
SM
MD
LG