"Мага аскердик комиссариаттан Мамлекеттик кызматтар порталы аркылуу чакыруу жөнөтүп, мындан ары Орусиянын аймагынан чыга албай турганымды эскертишти. Бул боюнча кеңири маалымат алуу үчүн жергиликтүү бийлик органдарына кайрылышым керектигин айтышты", – деди аты-жөнүн билдиргиси келбеген 45 жаштагы тажик жараны.
Ал акыркы 25 жылдан бери Орусияда жашай турганын жана аскердик комиссариаттан биринчи жолу чакыруу алганын кошумчалады.
"Бул жерде өзүмдү туткунда жүргөндөй сезип жатам. Бир жагынан согушка барып, кимдир-бирөөнү өлтүргүм келген жок. Экинчи жагынан өлкөдөн чыгып кетишиме уруксат бербей жатышат", – деди ал.
Күн мурун Орусиянын Мамлекеттик Думасы армияга же альтернативдик негизде аскердик кызмат өтөөгө чакырылган жарандарды чет өлкөгө чыгуучу паспортторун ИИМге тапшырууга милдеттендирген мыйзам долбоорун кабыл алган. Алар паспортторун кызмат өтөп келгенден кийин кайра алса болот.
2022-жылы сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин мобилизация жарыялагандан кийин жүз миңдеген орусиялык чет өлкөлөргө чыгып кетишкен. Анда кош жарандыгы бар жүздөгөн тажикстандыктар да тарыхый мекенине кеткени кабарланган.
Быйыл январда Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин кош жарандыгы бар адамдар Украинадагы согушка жөнөтүлүшү керектигин айткан. "Акыркы беш жылдын ичинде Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жарым миллиондон ашык тургуну орус жарандыгын алган. Эми алар Орусияны коргоого милдеттүү", – деген Бастрыкин.
Расмий маалыматтарга ылайык, Орусиянын жарандыгын алгысы келген тажикстандыктардын саны көбөйүүдө. 2023-жылдын биринчи кварталында Тажикстандын 44 854 жараны орус паспортун алган. Бул күнүнө 500 тажикстандык орус жарандыгын алып турган дегенди билдирет.