"Жолугушууда Душанбе Орусияда тажик жарандары түрдүү шылтоолор менен жапырт кармалган фактыларга тынчсызданып жатканы айтылды", – деп жазылган Тажикстан ТИМинин сайтындагы билдирүүдө.
Тажик бийлиги ошондой эле "ортодо жаралган миграциялык маселелерге биргеликте реакция кылуу зарыл экенин билдирип, ыктымал чараларды иштеп чыгууда кеңешип чечим кабыл алуунун маанилүүлүгүн белгилеген.
Билдирүүдө элчи менен 19-майда Комсомольск-на-Амуре шаарында 100дөн ашык тажик студенти сабалган окуя талкууланганы жазылган.
"Мындай көрүнүштөр эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелерине ылайык келбей турганы, ошондой эле бул тараптардын билим берүү тармагындагы өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча аракеттерине зыян алып келиши мүмкүндүгү белгиленди", – деп жазылган билдирүүдө.
Тажикстандын акыйкатчысы Умед Бобозода да орусиялык кесиптеши Татьяна Москальковага кайрылып, Космомольск-на-Амуре шаарындагы тажик студенттеринин эмне себептен сабалганын аныктоону өтүндү.
"Катуу сабалгандыктан бир нече студент олуттуу жаракаттарды алган. Алардын айрымдары операцияга муктаж болууда", – деп жазылган Бобозоданын кайрылуусунда.
22-майда Комсомольск-на-Амуре шаарындагы Техникалык университетте окуган 100дөн ашык тажикстандык студентти өзгөчө багыттагы милиция отрядынын (ОМОН) өкүлдөрү катуу сабаганы кабарланган.
Маалыматка караганда, окуя 19-майда универститеттин жатаканасында болгон.
Студенттердин айтымында, беткапчан, тапанча жана электршокер кармаган полиция кызматкерлери имаратка кирип барып, адегенде видеокамералардын баарын өчүрүшкөн. Андан соң эч кандай мыйзам бузбаган студенттерди ур-токмокко ала башташкан. Жыйынтыгында 15тей студент олуттуу жаракаттарды алганы, алардын айрымдары операцияга муктаж экени кабарланган. Рейддин жүрүшүндө ошондой эле студенттердин документтери менен телефондору да алынганы айтылган.
Буга чейин "Озоди" радиосу акыркы апталарда Орусияда тажик мигранттарына карата рейддер күчөгөнүн кабарлап, аларга ырайымсыз мамиле жасалып жатканы тартылган бир нече видеотасманы жарыялаган.
Апта башында Москва облусунун Котельники шаарында 300дөн ашык тажик жараны кармалганы кабарланган.
Орусиянын бийлиги 17-майда Котельники шаарындагы мечит жабылып, калаада иштеген мигранттарга каршы 34 административдик протокол түзүлгөнүн билдирген. Буга мигранттардын "ээн баштыгын" токтотуу өтүнүчү менен жергиликтүү тургундардын президент Владимир Путинге жолдогон кайрылуусу себеп болгон. Алар шаарда "тажик анклавы" түзүлгөнүн жана "жашоо кооптуу болуп калганын" айтышкан. Күн мурун Котельники шаарында дагы 100дөн ашык тажик мигранты кармалганы белгилүү болду.
19-майда Санкт-Петербург шаарындагы "Лахта борбор" курулуш аянтында иштеп жаткан мигранттардын тобу кармалганы кабарланган.