Ссылки доступа

Ташкентте пластикалык операциядан кийин фехтование боюнча башкы калыс каза болду


Өзбекстандын Фехтование федерациясынын башкы калысы Аида Гасанова 39 жаш курагында каза болду. Ага чейин ал жеке косметологиялык клиникада пластикалык операция жасаткандан кийин реанимацияга түшүп калган.

Гасанованын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Тергөө иштерин Ташкенттин Чиланзар райондук прокуратурасы жүргүзүүдө.

Өзбекстандын Фехтование федерациясынын маалыматына караганда, Аида Гасанова спорттун бул түрү боюнча дүйнөдөгү эң күчтүү беш калыстын катарына кирген.

Спорттун чебери Аида Гасанова бир нече жолу Өзбекстандын чемпиону аталган. 2001-2006-жылдары Борбор Азиянын чемпионатын жеңип алган. Мындан тышкары 2005-жылы Улуу Британияда өткөн эл аралык мелдеште алтын медаль уткан.

2019-жылы Токиодо өткөн жайкы Олимп оюндарында Гасанова фехтование боюнча Азиядан барган жалгыз калыс болгон.

Быйыл марттын башында пластикалык операциядан кийин белгилүү өзбекстандык блогер Фарход Маннопов каза болгон. Тергөөнүн жыйынтыгында ага операция жасаган дарыгерлердин билими жана тажрыйбасы жетишсиз болгону аныкталган.

XS
SM
MD
LG