Баяндаманын авторлору Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин мусулмандарды жапырт камакка алуу көрүнүштөрү токтоп, ишеними же тынч диний ишмердүүлүгү үчүн камалган жүздөгөн адам бошотулуп, миңдеген киши атайын кызматтын "кара тизмесинен" чыгарылганын белгилешкен.
"Бирок өзбек өкмөтү динди мурдагыдай эле коркунуч катары көрүп, диний коомчулуктарга жана жарандарга негизсиз чектөөлөрдү киргизүүдө", – деп жазылган баяндамада.
Укук коргоочулар далил катары диний ишмерлерге жана жөнөкөй тургундарга басым кылуу боюнча бир нече фактыны келтиришкен.
Баяндамада Өзбекстанда формалдуу түрдө дин өкмөттөн ажыратылганы менен аткаминерлер Муфтият, Дин иштери боюнча мамлекеттик комитет сыяктуу мекемелер аркылуу өлкөдөгү динди көзөмөлдөп жатканы белгиленген.
"Өзбекстанда мусулмандар экстремизм шеги менен куугунтукталып, диний себептерден улам түрмөгө отуруп чыккандарга административдик көзөмөл орнотулган. Жарандардын сакалына, диний кийимине байланышкан чектөөлөр бар. Экстремизм айыбы менен соттолгондорго адам чыдагыс мамиле жасалып, кыйноолор колдонулат", – деп жазылган баяндамада.
Соңунда укук коргоочулар эл аралык өнөктөштөрүн БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөсү болуп эсептелген Өзбекстанды жарандардын дин тутуу эркиндигин сыйлоого чакырууга үндөшкөн.