Ссылки доступа

Равшан Жээнбековдун жубайы УКМКнын тергөө абагына камалды


Абактагы оппозициялык саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева 25-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалды. Бул маалыматты адвокат Разак Ашимбаев "Азаттыкка" ырастады.

Анын маалыматына караганда, Алимбаеваны түштө УКМКнын кызматкерлери суракка деп алып кетишкен. Адвокат анын тергөө абагына киргизилгенин кечки саат 8ге жакын укканын, ага чейин байланыша албаганын, ал кайсы иштен улам камалганы белгисиз экенин билдирди.

Алимбаеванын уулу Азат Равшан түшкү саат 12де суракка кирген бойдон апасы менен кабарлаша албай жатканын Фейсбукка жазган.

УКМК азырынча маалымат бере элек.

Равшан Жээнбеков ушул тапта Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Ал былтыр 23-октябрда "Массалык башаламандык уюштуруу" беренесинин негизинде отузга жакын саясатчы, жарандык активисттер менен чогуу камалган.

Анын алдында Жээнбеков Өзгөндө өткөн курултайдын резолюциясына ылайык саясатчылар, саясий уюмдар, активисттер, саясий кыймылдар "Кемпир-Абадды коргоо" комитетин түзгөнүн жарыялаган.

Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча да айыпталган, ал иш азыр Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жатат.

Саясатчы 28-майда өтө турган Бишкектеги Ленин округунан парламент депутатын шайлоого талапкер болуп катталган.

XS
SM
MD
LG