Дипломатиялык өкүлчүлүктүн 25-майда жарыяланган билдирүүсүндө Котельникиде жалпысынан канча тажикстандык мигрант жана кандай себептер менен кармалганы жазылган эмес.
Бейшемби күнү Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода орусиялык кесиптеши Владимир Колокольцевге кайрылып, аны Комсомольск-на-Амуре шаарындагы тажик студенттеринин кармалышы жана сабалышына байланышкан иштердин калыс каралышын камсыздоого чакырган.
24-майда Орусиянын Душанбедеги элчиси Семен Григорьев Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) чакыртылган. "Жолугушууда Душанбе Орусияда тажик жарандары түрдүү шылтоолор менен жапырт кармалган фактыларга тынчсызданып жатканы айтылды", – деп жазылган Тажикстан ТИМинин сайтындагы билдирүүдө.
Ошол эле күнү Тажикстандын акыйкатчысы Умед Бобозода да орусиялык кесиптеши Татьяна Москальковага кайрылып, Космомольск-на-Амуре шаарындагы тажик студенттеринин эмне себептен сабалганын аныктоону өтүнгөн.
22-майда Комсомольск-на-Амуре шаарындагы Техникалык университетте окуган 100дөн ашык тажикстандык студентти өзгөчө багыттагы милиция отрядынын (ОМОН) өкүлдөрү катуу сабаганы кабарланган. Маалыматка караганда, окуя 19-майда универститеттин жатаканасында болгон.
Студенттердин айтымында, беткапчан, тапанча жана электршокер кармаган полиция кызматкерлери имаратка кирип барып, адегенде видеокамералардын баарын өчүрүшкөн. Андан соң эч кандай мыйзам бузбаган студенттерди ур-токмокко ала башташкан. Жыйынтыгында 15тей студент олуттуу жаракаттарды алганы, алардын айрымдары операцияга муктаж экени кабарланган.
23-май күнү кечинде Котельники шаарындагы полиция бөлүмүнө 100гө жакын тажикстандык мигрант жеткирилген. Күбөлөр алар тажикстандыктарга таандык кафелердеги рейддердин жүрүшүндө кармалганын билдиришкен. Андан мурда Котельникиде 300дөн ашык тажик жараны кармалганы кабарланган.
Орусиянын тиешелүү мекемелери тажикстандык мигранттарга каршы рейддер жана аларга жасалган катаал мамилелердин себептери боюнча эч кандай түшүндүрмө берген жок.
Орусиянын бийлиги 17-майда Котельники шаарындагы мечит жабылып, калаада иштеген мигранттарга каршы 34 административдик протокол түзүлгөнүн билдирген. Буга мигранттардын "ээн баштыгын" токтотуу өтүнүчү менен жергиликтүү тургундардын президент Владимир Путинге жолдогон кайрылуусу себеп болгон. Алар шаарда "тажик анклавы" түзүлгөнүн жана "жашоо кооптуу болуп калганын" айтышкан.