Ссылки доступа

Ташкентте көп кабаттуу үйдүн балконунда илинип турган Украинанын желеги алынды


Ташкенттеги көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги балкондун ичинде илинип турган Украинанын желеги өрт өчүрүү унаасынын жардамы менен алынды.

Батирдин ээси Режеп Латипов окуя 24-майда болгонун билдирди.

"Ал күнү үйдө эч ким жок болчу, мен жубайым менен Түркияда жүргөм. Мага өзүн милиция кызматкери деп тааныштырган адам телефон чалып, эмнеге балкондо Украинанын желеги илинип турганын сурады. Мен ал балкондун ичинде, менчик мүлкүмдүн аймагында турганын, аны себепсиз алууга укуктары жок экенин айттым. Бирок ал желекти алуу боюнча жогору жактын буйругу бар экенин билдирди", – деди Латипов.

Ал Украинанын желеги тууралуу ички иштер органдарына ким жана эмне себептен кабар бергени түшүнүксүз экенин кошумчалады.

"Желекти мага Киевдеги досторум белек кылышкан. Ал көчөдө эмес, балкондун ичинде илинип турган. Бир жылдан бери желекке байланыштуу эч кимде эч кандай суроо болгон эмес", – деди ал.

Социалдык түйүндөрдө активисттер менен колдонуучулар желектин алынышын сынга алып жатышат. Азырынча Ички иштер министрлиги бул боюнча комментарий бере элек.

Видео

XS
SM
MD
LG