Ссылки доступа

Кулябдагы "Лола" базарынын соодагерлери жаңы базарга көчүүдөн баш тартышты


Тажикстандын Куляб шаарындагы "Лола" базарында иштеген ондогон соодагер калаа бийлиги сунуштаган жаңы соода жайына көчүүдөн баш тартты.

Базар "Гайрат" аттуу жеке фирмага таандык жана анда турмуш-тиричилик техникалары менен тетиктер сатылат.

16-майда Кулябдын мэри "Лола" базарын түрттүрүп, соодагерлерди жаңы базарга көчүрүү тууралуу буйрук чыгарган. 25-майда базарды бузууга барган укук коргоо органдарына соодагерлер каршылык көрсөтүштү.

100дөн ашык ишкер мэрге кат жазып, жаңы базарга көчпөй тургандыктарын билдиришти. Алардын айтымында, жаңы соода жайы шаардын четинде жайгашкан жана соодагерлердин көбүнүн андагы ижара акысын төлөөгө каражаттары жетпейт.

Куляб мэриясы "Лола" базары шаар куруунун заманбап талаптарына жооп бербей турганын, базардын айланасына топтолгон автоунаалар коомдук транспорттун кыймылына тоскоолдук жаратып жатканын билдирүүдө. "Жаңы базарда соодагерлер үчүн бардык шарттар түзүлгөн. "Лолада" 150-200 соодагер иштейт. Жаңы базарда 400 киши туруктуу жумуш менен камсыз болот", – деди мэриянын өкүлү.

Айрым соодагерлер жаңы курулган базар Куляб мэринин жакындарына таандык экенин айтууда. Бирок шаар акимчилиги бул маалыматты четке какты.

XS
SM
MD
LG