Ссылки доступа

Украинада өлгөн дагы бир өзбекстандыктын сөөгү мекенине жеткирилди


Өзбекстандын 23 жаштагы жараны Ш. Тожибоев Украинадагы согушта набыт болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Мамлекеттик коопсуздук кызматы кабарлады.

Жигит үй-бүлөсүн багуу үчүн Орусияга иштөөгө кеткен.

“Майыптыгына карабастан, ал салат жасаган цехте, курулушта иштеген”, - дейт маркумдун апасы. Маекти коопсуздук кызматы жарыялады.

Кийинчерээк ал Орусияда өз алдынча кафе ачып, автоунаа сатып алып, жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген.

Коопсуздук кызматы жарыялаган видеодо маркумдун апасы уулу орус-украин чек арасынан бир жүргүнчүнү алып келе жатканда маңзат сактаган деген жалаа менен кармалганын баяндайт. Айтымында, Орусияда уулу түрмөгө түшкөн. Жазасын өтөп жатканда аны мажбурлап Украинадага согушка жөнөтүшкөн. Ал уулу менен акыркы жолу 10-сентябрда сүйлөшкөн:

“Ал мага: "Апа, мен аларга кызмат өтөбөйм, эч кимди өлтүрбөйм десем, алар баары бир мажбурлап алып кетишти" деди”.

Ш. Тожибоевдин апасы уулунун сөөгүн Өзбекстанга өзү алып келди.

Украинада орус армиясы былтыр жаз айларында оор жоготууга учурагандан кийин “Вагнер” компаниясы абакта жаткандарды өз катарына кошуп, согушка жөнөтө баштаганы ачыкка чыккан. Алардын катарында борбор азиялыктар да көп экени айтылып келет.

XS
SM
MD
LG