Сорбон Абдурахимзода тыюу салынган оппозициялык топтор менен кызматташууга шектелип, Польша-Украина чек арасындагы качкындар лагеринде жашап жаткан.
Сарбондун атасы Пулоджон Абдурахимзода “Озоди” радиосуна билдиргендей, эгер уулу Тажикстанга экстрадицияланса, “кыйноолорго жана катаал мамилеге” туш болот.
Сорбон Абдурахимзоддун жактоочусу Анвар Деркачтын айтымында, Европанын Адам укуктары боюнча соту аны мекенине кайтарып бербөөгө чакырган.
"Адам укуктары боюнча Европа соту Польша бийлигин Сорбон Абдурахимзоданы Тажикстанга өткөрүп бербөөгө чакырган. Бирок бизге белгисиз себептерден улам аны жекшемби күнү эртең менен аэропортко алып кетишкен. Биз дароо Польша бийлиги менен байланышып, Тажикстанда ал кыйноого кабылышы мүмкүн экенин айтып, кырдаалды түшүндүрдүк", — деди адвокат.
Бул боюнча тажик тараптын пикири белгисиз. Атасынын айтымында, Душанбе анын уулун өлкөдө тыюу салынган “Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясынын” видеосуна "лайк басууга" айыптоодо. Сорбон айыптоону “негизсиз” деп атаган.