Ссылки доступа

Түркмөнбашы: мектеп бүтүрүүчүлөрү сынак тапшыра электе аскерге чакырылууда


Түркмөнстанда аскерге чакыруу өнөктүгү уланууда. Армияга чакырылгандардын арасында сынактарга даярданып жаткан мектептин бүтүрүүчүлөрү да бар.  

Түркмөнбашы шаарындагы аскер комиссариаттары уландарды 15-июнда аскерге алып кетет. Мектептерде сынактар 18- 22-июнь аралыгында аяктайт.

"Азаттыктын" түркмөн кызматынын кабарчысы билдиргендей, айрым мектептерде буга байланыштуу аскерге чакырылгандардын сынак тапшыруу мөөнөтү жылдырылды.

"Эркек окуучулардын аскерге барышы маанилүү деп чечишти, ошондуктан алардын мектептеги акыркы сынагы 13-июнга жылдырылды", - деди ал.

Түркмөнстанда аскерге чакыруу өнөктүгү жылына эки жолу: 1-апрелден 30-июнга чейин жана 1-октябрдан 31-декабрга чейин жүргүзүлөт. Аскердик кызмат милдеттүү болуп эсептелет. Өлкөдө келишимдик же альтернативдик негизде кызмат өтөө каралган эмес.

Балкан облусундагы кабарчы билдиргендей, айрым ата-энелер аскер комиссариатындагы аткаминерлерге жана дарыгерлерге пара берип, балдарын армиядан алып калышууда. Ошол эле учурда ден соолугу чың эмес жаштарды, жада калса майыптарды да армияга алып кеткен учурлар катталууда.

XS
SM
MD
LG