Ссылки доступа

"Алга, Казакстан!" партиясынын өкүлдөрү активист Марат Жыланбаевди бошотууну талап кылышты


Каттоодон өтпөгөн оппозициялык "Алга, Казакстан!" партиясынын өкүлдөрү бийликтен камактагы активист Марат Жыланбаевди эркиндикке чыгарууну талап кылышты. Бул тууралуу алар 29-майда Астанада өткөн басма сөз жыйынында билдиришти.

Укук коргоочу жана "Алга, Казакстан!" партиясын түзүү боюнча демилгелүү топтун мүчөсү Сергей Измайлов Жыланбаев "мыйзамсыз" жана "себепсиз" камакка алынганын билдирди.

Анын айтымында, активист "Казакстандын демократиялык тандоосу" жана "Көчө" оппозициялык кыймылдарынын лидери, бозгундагы банкир Мухтар Аблязов чакырган митингдерге баруу менен "тыюу салынган уюмдун ишмердүүлүгүнө катышкан" деп айыпталууда.

"Марат акимчиликке митинг өткөрүү тууралуу бир нече жолу билдирме берген. Анын бул жөнүндө соцтүйүндөргө жазганы мыйзам бузуу эмес. Ал маалыматты тыюу салынбаган бардык жолдор менен тарата алат. Эгер башка адам да митингге чыгууга чакырык жасаган билдирүү жазса, бул анын укугу жана иши. Ал үчүн Марат жооп бербейт", – деди Измайлов.

"Алга, Казакстан!" партиясынын дагы бир өкүлү Асет Абишев Жыланбаев айыпталып жаткан беренелер боюнча "каалаган адамды, анын ичинде Аблязовдон интервью алган журналисттерди да айыптаса болорун" билдирди.

Адвокат Мейиржан Доскараев Жыланбаевди эки айга камакка алуу чечими боюнча апелляциялык арыз жазганын билдирди. Анын айтымында, арыз жакында каралышы керек.

Өткөн жумада Астана соту белгилүү казакстандык супермарафончу жана оппозиционер Марат Жыланбевди эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Ага "Тыюу салынган уюм менен кызматташуу" жана "Экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүн каржылоо" беренелери боюнча айыптар тагылган.

Марат Жыланбаев өлкөдө каттоодон өтпөгөн "Алга, Казакстан!" партиясынын лидери. Буга чейин аталган партияны түзүү боюнча демилгелүү топ аны каттоодон өткөрүү максатында Юстиция министрлигине 15 жолу документтерин тапшырган. Бирок мекеменин өкүлдөрү каталар бар экенин айтып, документтерди кайра кайтарып беришкен.

XS
SM
MD
LG