Анын айтымында, 22-май күнү эртең менен Ташкентте 21 жаштагы Сурхандарыя облусунун тургуну кармалып, райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Анын жанынан 53,52 грамм кара куурай табылып, ага каршы кылмыш иши козголгон.
"Шектүү кечке жакын ажатканага суранып, 4-кабаттагы дааратканын терезесинен секирип кеткен. Ал көптөгөн оор жаракаттары менен ооруканага жеткирилген. 29-майда эсине келбей каза болду", – деди Шамсутдинов.
Kun.uz сайты маркумдун жакындарына таянып, анын аты-жөнү Хафизулла Тургунбоев экинен жазды. Жакындары аталган басылмаган берген маегинде "Хафизулланын 4-кабаттан секирип кеткенине ишенбей жатканын" айтышкан.
"Анын эч жеринде сынык болгон эмес, колу-бутунда да, кабыргаларында да. Болгону бетинен жана башынан жаракаттарды алган. Кантип эле 4-кабаттан кулаган кишинин колу да сынбасын. Дарыгерлер бул боюнча сотто гана өз пикирлерин айтарын билдиришти", – деген маркумдун жакындарынын бири.