"Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Кыйноо" беренелери боюнча шектелген үч полиция кызматкери сот залынан бошотулду. Буга чейин Даулет Аймешов, Уалихан Жанибеков жана Динмухаммед Исаев камакта болчу.
Алардын адвокаттары иш сотко өткөнүнө бир жылдан ашык убакыт болгонун жана “камакта кармоонун мөөнөтү өтүп кеткенин” айтышты.
30 жаштагы Нурболат Жумабаев 2021-жылдын 8-декабрында Чымкент полиция департаментинде тергөө амалдары жүрүп жаткан учурда каза болгон. Маркумдун жакындары ал өлтүрүлгөн болушу мүмкүн деп эсептешет.
11-декабрда Чымкент полиция департаментинин башчысы Ералы Жумаханбетов аны кармоо жана бөлүмгө жеткирүү учурунда физикалык күч колдонулганын тастыктаган.
Медициналык корутундуда өлүмдүн себеби шок жана ички органдардын жабыркашы болушу мүмкүн экени айтылган.