Ссылки доступа

Жаңы-Өзөндө нааразылыкка чыккан мунайчылар Астанага кайра барышарын эскертишти


Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында туруктуу жумуш талап кылып жаткан "БерАли Маңгыстау” компаниясынын мурдагы мунайчыларынын нааразылык акциясы уланууда.

30-майда алар видеокайрылуу жасап, талаптары аткарылбай жатканын айтышты.

"Мыйзамсыз тендерлерге байланышкан адилетсиздикке каршы күрөшүп жатканыбызга 60 күн болду. Астанага барганыбызда бизди полиция кармап кеткен. Анда бийлик өкүлдөрү сүйлөшүүлөр үчүн 10 кишини алып калып, алар комиссияга киргизилерин билдирген. Биз туруктуу жумуш менен камсыз кылууну, "Озенмунайгаздын" туундуу компанияларына которууну, жумуштагы коопсуздук эрежелерин сактоону, ошондой эле маянаны тендерлердин алгоритмдерин эске алуу менен бирдей эмгек акы системасы боюнча төлөөнү талап кылып жатабыз", – деген видеодогу мунайчылардын бири.

Жумушчулардын айтымында, "Озенмунайгаздын" ишмердүүлүгүн текшерип жаткан "КазМунайГаз" улуттук компаниясынын комиссиясы себептерин түшүндүрбөстөн эле 29-майда Астанага кетип калган. Буга нааразылык билдирген мунайчылар талаптарын аткаруу үчүн бийликке 15-июнга чейин убакыт берип, болбосо кайра Астанага барышарын эскертишти.

"КазМунайГаздын" сайтындагы билдирүүгө ылайык, "БерАли Маңгыстау" компаниясы акцияга чыккан мунайчыларга "Молдир Мунай Сервис" ишканасында иштөөнү сунуштаган. Маалыматта учурда алар "ойлонуп жатканы" белгиленген.

Апрелдин башында “Озенмунайгазга” кызмат көрсөткөн "БерАли Маңгыстау" ишканасы тендерден утулуп, 100дөн ашык киши жумушсуз калган. 10-апрелде алар Астанага барып, эртеси Энергетика министрлигинин алдында кармалган. Кийин алар кайра бошотулуп, Жаңы-Өзөнгө жөнөтүлгөн. Сүйлөшүүлөр үчүн 10 киши Астанада калган.

20-майда мунайчылар талаптары аткарылбаганын, "КазМунайГаз" алар менен сүйлөшүүлөрдү токтотуп койгонун айтышкан. Өз кезегинде аталган компаниянын өкүлдөрү "атайын комиссия" түзүлгөнүн, ал Жаңы-Өзөндөгү мунайгаз ишканаларынын ишин текшере турганын билдирген.

Астанадан Жаңы-Өзөнгө кайтып барган мунайчылар кайрадан "Озенмунайгаздын" алдына чогулуп, туруктуу жумуш талап кылууну улантышкан.

XS
SM
MD
LG