Ссылки доступа

Тажикстанда жети жылга соттолгон журналист облустук сотко даттанды


Тажикстанда жети жылга соттолгон журналист Хуршед Фозиловдун адвокаттары биринчи баскычтагы соттун өкүмүн кайра кароо өтүнүчү менен Согд облустук сотуна кайрылды.

26-майда Пенжикент шаардык соту Фозиловду "Тыюу салынган уюм менен кызматташуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, жети жылга эркинен ажыраткан.

Бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары бул өкүмдү сындап, тажик бийлигин журналистти бошотууга чакырышкан. 29-майда бельгиялык "Адам укуктары үчүн эл аралык өнөктөштүк" (International Partnership for Human Rights, IPHR) бейөкмөт уюму Хуршед Фозилов профессионалдык ишмердүүлүгү үчүн соттолгонун билдирген. IPHR Тажикстандын бийлигин көз карандысыз ЖМКларга карата куугунтукту токтотууга жана өлкөдөгү сөз эркиндигин "муунтпоого" чакырган.

31-майда Тажикстандын Көз карандысыз ЖМКларынын улуттук бирлигинин төрагасы Нуриддин Каршибоев сот өкүмү менен макул эмес экенин айткан.

"Хуршед Фозиловдун күнөөлүү экенинен күмөн санап жатам. Бийлик ал кармалгандан тарта эмнеге айыпталып жатканын айтып, аны сотто далилдеши керек болчу", – деди ал.

37 жаштагы журналист Хуршед Фозилов быйыл 6-мартта кармалган. Аймактык журналист жергиликтүү жана эл аралык басылмалар менен кызматташып, негизинен Зерафшан аймагындагы тургундардын көйгөйлөрү жөнүндө жазып келген. Өз макалаларында ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн көп сындап, социалдык түйүндөрдө да активдүү болгон.

2022-жылы Тажикстанда жети журналист жана блогер камакка алынып, жети жылдан 21 жылга чейинки мөөнөттөргө соттолгон. Алардын көбү тыюу салынган уюмдар менен кызматташууга күнөөлүү деп табылган. Журналисттер өздөрү жана алардын жакындары мындай айыптоолорду четке какса, айрымдары тергөө абагында кыйноого кабылганын айтып чыгышкан.

Эл аралык укук коргоо уюмдары журналисттер менен блогерлерди камакка алганы үчүн тажик бийлигин сынга алып, аларды тез арада эркиндикке чыгарууга чакырышкан. Бирок расмий Душанбе мындай чакырыктарга эч кандай реакция кылбай келет.

XS
SM
MD
LG