Ссылки доступа

Астана менен Сеул Түштүк Кореяда казакстандыктарды мыйзамдуу ишке орноштуруу маселесин талкуулады


Казакстан менен Түштүк Кореянын тышкы иштер министрлери Астанада казакстандыктардын эмгек жана миграциялык укуктарын камсыздоо маселесин талкуулашты. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар кабарлады.

Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу Түштүк Кореяда казакстандык жарандарды мыйзамдуу ишке орноштурууну камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде казак тарап Казакстанда иштөөнү каалаган корей компаниялары үчүн жагымдуу шарттарды түзүп берүүгө даяр экенин маалымдады.

Акыркы учурда Түштүк Кореяга иштөөгө кетип, жагымсыз окуяларга туш болгон казакстандыктардын окуялары коомчулук арасында талкууланып келет.

Быйыл апрелде Инчхондогу аэропортто депортациялык каттамды күтүп жаткан эки казакстандык качып кеткен. Ушул тапта алар тергөө абагында.

Бул арада Астана Сеулга казакстандыктарды ишке орноштуруу квотасын 50 миңге чейин көбөйтүүнү сунуштады.

Казакстандын Эмгек министрлигинин маалыматы боюнча бул өлкөдө 35 миңдей казакстандык бар.

2014-жылы Астана менен Сеул жарандардын өз ара визасыз кирүүсү боюнча келишимге кол коюшкан. Келишимге ылайык, Казакстан менен Түштүк Кореянын жарандары бири-биринин аймагында 30 күнгө чейин визасыз жүрө алышат.

XS
SM
MD
LG