Ссылки доступа

Орусиядан Казакстанга мыйзамсыз буудай ташылып жатканы айтылды


Казакстандын парламент сенатында Орусиядан Казакстанга “жалган документтер менен”  мыйзамсыз түрдө буудай ташылып жатканы айтылды. Бул тууралуу “Казинформ” маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, сенат депутаты Андрей Лукин жалган документ менен салык төлөбөй, мыйзамсыз буудай ташыган схема бар экенин айтты.

Сенатордун айтымында, эки элдин ишкерлери орус данын Казакстандын буудайы катары экспорттоп, кошумча нарк салыгы боюнча жеңилдик алуу схемасын колдонот. Ал абийирсиз салык төлөөчүлөр жазасыз калып, бюджетке каражат түшпөй жатканын белгиледи.

Сенатор Андрей Лукин “Орусияга киргизилген санкцияларды эске алуу менен коңшу өлкөдөн жалган импорт жана реэкспорт бир нече эсе көбөйүшү ыктымал” деген.

Лукиндин маалыматына караганда, 2019-2022-жылдары Казакстанга 207 миллиард теңгеге 3,4 миллион тонна дан импорттолгон. 2019 жана 2020-жылдары Орусиядан Казакстанга буудай жеткирүүдө импорт үчүн кошумча нарк салыгы алынбагандыктан, Казакстандан үчүнчү өлкөлөргө дан экспорттоо адаттан тыш көбөйгөн.

Депутаттын айтымында, 2019-жылдан бери Түндүк Казакстан облусуна Орусиядан 450 миң тоннадан ашык буудай ташылып келинген. Дан Казакстандын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн коштоочу документтери боюнча өткөн.

Мындан соң өнүм казак даны катары Өзбекстан, Ооганстан жана Тажикстанга экспорттолгон.

XS
SM
MD
LG