Ссылки доступа

Жаңы-Өзөндөгү нааразылык: "КазМунайГаз" ишканаларды текшерүүнү улантууда (видео)


“КазМунайГаз” улуттук компаниясы мунайчылардын нааразылыгынан кийин түзүлгөн Жаңы-Өзөндөгү жумушчу топтун иши аягына чыга элегин билдирди.

Жаңы-Өзөндө “туруктуу жумуш менен татыктуу маяна” талап кылып жаткан “БерАли Мангистау Company” ишканасынын мурунку мунайчылары текшерүү 29-майда аягына чыкканы менен “КазМунайГаз” анын чечимин жарыялаган жок деп даттанган. Алар бийликке 15-июнга чейин мөөнөт беришерин, маселе чечилбесе, Астанага барарын маалымдашкан.

“КазМунайГаз” тараткан маалыматка ылайык, “Өзенмунайгаздын” каржы-чарбалык ишмердүүлүгүн текшерүү иштери аяктоо алдында турат жана жыйынтык чыгарылууда. Ошондой эле алдыдагы эки жумага эмгек акы төлөө жана коопсуздук чараларынын шарттарын сактоо боюнча жалданма ишканаларды текшерүү пландалып жатканы айтылды.

Ушул тапта “Өзенмунайгаз” компаниясынын алдында наарызылык уланууда. Мунайчылар 1-июнда “Азаттыктын” казак кызматына кабарлагандай, бир күн мурун “Мөлдир Мунай Сервис” деген компаниянын өкүлдөрү келип, жумуш сунушташкан, бирок ал жумуш убактылуу экени белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG