Ссылки доступа

"Группа 24" Орусиядагы тажик мигранттарына карата "адам чыдагыс" мамилени айыптады


Орусиядагы тажик мигранттарынын кармалышы
Орусиядагы тажик мигранттарынын кармалышы

Тажикстанда тыюу салынган "Группа 24" кыймылы Орусиянын укук коргоо органдарынын тажик мигранттарына карата жасап жаткан "катаал" жана "адам чыдагыс" мамилесин айыптады.

Оппозициялык кыймылдын 1-июнда жарыяланган билдирүүсүндө орус полициясынын аракеттери "нацисттик" деп аталган. Мындан тышкары анда "эч кандай аракет көрбөгөнү" жана Москвага жагынып жатканы үчүн Тажикстандын бийлиги да сынга алынган.

"Тажик мигранттарынын кармалышына жана сабалышына карата Тажикстандын Тышкы жана Ички иштер министрликтеринин, ошондой эле Акыйкатчысынын реакциялары күлкү келтирет. ТИМ орус элчисин чакырды, бирок нааразылык нотасын тапшыргандын ордуна тынчсыздануусун гана билдирди. ИИМдин жетекчилиги менен акыйкатчы орусиялык кесиптештеринен бул окуялар боюнча объективдүү тергөө жүргүзүүнү гана өтүнүштү. Тажик бийлиги Путинге ушунчалык көз каранды болгондуктан, тынчсыздануусун билдирип, адилет тергөө жүргүзүүнү гана өтүнө алышты", – деп жазылган кыймылдын билдирүүсүндө.

Оппозиционерлер Орусияда жүргөн тажик жарандарына кайрылып, аларды мүмкүн болсо бул "террористтик, нацисттик жана расисттик өлкөдөн" чыгып кетүүгө чакырышты.

Акыркы эки жуманын ичинде Орусияда тажик мигранттары жапырт кармалган учурлар көп катталууда. Орусия бийлиги "тажиктерге каршы" бул өнөктүк боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Ал ортодо айрым талдоочулары бул өнөктүк Тажикстанды ЕАЭБге кирүүгө мажбурлоого багытталган болушу мүмкүн экенин билдирүүдө. Башкалары орус бийлиги мындай жол менен мигранттарды Украинадагы согушка жөнөтүүнү көздөшү ыктымал деген пикирде. Алардын арасында Орусиядагы мигранттарга каршы өнөктүк ички душманды издөө боюнча "коомдуу бириктирүүчү идея" болушу мүмкүн деп эсептегендер да бар.

2012-жылы түзүлгөн "Группа 24" кыймылы Тажикстандын Жогорку сотунун чечими менен 2014-жылы экстремисттик уюм деп табылып, өлкө аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG