Маалыматты аталган заводдун басма сөз кызматы да ырастады.
“Урал” – 2022-жылдын 17-декабрынан бери Европа Биримдигинин (ЕБ) санкциялык тизмесине киргизилген орусиялык ишканалардын бири.
“Интерфакс” өз булактарына таянып кабарлагандай, Стрежнев бизнесин Өзбекстан менен Казакстанда улантууга ниеттенүүдө. Маалыматка караганда, ал бул өлкөлөрдө айыл чарба жана жол куруу техникаларын, ошондой эле аларга керектүү тетиктерди өндүрүү менен алектенүүнү пландап жатат.
Forbes журналынын рейтингине ылайык, Стрежнев 2021-жылы 750 миллион доллар байлыгы менен Орусиянын эң бай адамдарынын тизмесинде 167-орунга жайгашкан.
Расмий статистикалык маалыматтарга караганда, Батыш өлкөлөрү Орусияга санкция салгандан кийин Өзбекстанда орус ишкерлеринин катышуусундагы ишканалардын саны көбөйдү. Алсак, 2023-жылдын январь-март айларынын аралыгында Өзбекстанда орус капиталы катышкан 243 ишкана ачылган.
Мындан тышкары акыркы үч айдын ичинде Орусия Өзбекстан эң көп товар экспорттогон өлкөгө айланган. Жылдын биринчи кварталында Өзбекстан Орусияга 736,2 миллион долларга, Түркияга 336,4 миллион долларга жана Кытайга 334,1 миллион долларга товар экспорттогон.
Буга чейин ЕБ 2022-жылы Борбор Азия өлкөлөрүнөн Оруияга экспорттун көлөмү 300% көбөгөнүн жарыялаган. Биримдик бул көрүнүш Борбор Азия өлкөлөрү Орусияга санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам берип жатканына байланыштуу болушу мүмкүн экенин билдирген.