Анын айтымында, Казакстан аркылуу өтө турган газдын көлөмү жана баасы боюнча Өзбекстан менен "Газпромдун" ортосунда сүйлөшүүлөр уланууда.
"Бул сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин инфраструктурабызды беребиз. Ал кийинки жылдын күзүнө карата даяр болот деп күтүлүүдө", – деди министр.
Буга чейин Саткалиев Казакстандын аймагы аркылуу Өзбекстанга орус газын жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр "кыйла конструктивдүү маанайда жүрүп жатканын" айткан.
Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов орус газын жеткирүүнүн коммерциялык шарттары техникалык маселелер чечилгенден кийин талкууланарын белгилеген. Ал газды "Орто Азия – Борбор" магистралдык газ кууру аркылуу алып келүү пландалып жатканын кошумчалаган.
30-майда Журабек Мирзамахмудов бул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Санкт-Петербург шаарында "Газпромдун" төрагасы Алексей Миллер менен жолукканы кабарланган.