Тажикстандын Далержон аттуу жараны Орусияда мыйзамсыз жүргөнү үчүн быйыл 4-майда Ленинград облусунда кармалган. Эртеси ага 3 миң рубль өлчөмүндө айып пул салынып, чет өлкөлүктөрдү убактылуу кармоо борборуна жеткирилген. Бирок 30-майда ал мекенине депортацияланбастан, согушка даярдыктан өтүү үчүн аскердик бөлүккө жөнөтүлгөн.
"Холод" басылмасы белгилегендей, Далержон согушка баргысы келбегенин, үйүнө кайткысы келип жатканын айткан. Бирок ага "келишимге кол коюлуп калганын" билдиришкен.
Тажикстандын жараны аскердик кызмат өтөө боюнча келишимге кол койбогонун, анын ордуна өздөрү кол коюп койгон болушу мүмкүн экенин айтууда. Ал аскердик бөлүктө согушка баргысы келбеген Өзбекстандын да бир жараны бар экенин кошумчалаган.